Жаранын же күйгөн жердин катып калган катмары, үстүнкү бети. Карттары түшкөн айыгып, Так болуп калган жаралар (Маликов).
Кары, картаң, улгайган. Карт орустар, көптөн сырын билгендер – Ай, Кийизбай! Ай, Кийизбай!–деп калат (Осмонов). Карады кайберенди көөнү толкуп, Карт мерген кабак серпип жаңы ойгонгон (Бөкөнбаев).
Кекиргенде чыккан дабышты, катуу кекиргенди билдирүү үчүн колдонулат. Токтобек күр болгон короздой мойнун керип, карт кекирди (Абдукаримов).